Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы 2025-жыл 9-октябрь № 01-07/62

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын союзуна мүчөлүк акысы жөнүндө

            Күн   тартибиндеги  маселе   боюнча   бюджет жана экономика комитетинде  каралып, талкуулангандыгын  эске алып, экономика  жана  каржы  бөлүмүнүн  башчысы-башкы  эсепчинин  билдирүүсүн  угуп  жана талкуулап  Молдо Нияз айыл аймагынын  айылдык  кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын союзуна төлөнүүчү мүчөлүк акысы  2026-жылдын  1-январынан тартып Молдо Нияз айыл аймагында жашап жаткан  ар бир жаран үчүн   4 (төрт) сом өлчөмүндө белгиленсин.
  2. Мүчөлүк акыларды 2026-жылдын бюджети эсебинен мыйзам чегинде чегерүү жана башка аракеттерди жүргүзүү Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досановго милдеттендирилсин.
  3. Токтом расмий moldo-niyaz.gov.kg сайтына жарыялансын.
  4. Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн токтом Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Молдо Нияз айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана  жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

        Төрага:                                                                                                                                                                                                         И.К. Салиев

 

Comments are closed.