Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы 2025-жыл 9-октябрь № 01-07/61

Молдо Нияз Муниципиалдык ишканасына жүк ташуучу “HYUNDAI PORTER” үлгүсүндөгү авто унаасын сатып алуу жөнүндө

               Молдо Нияз Муниципиалдык ишканасына жүк ташуучу “HYUNDAI PORTER” үлгүсүндөгү авто унаасын сатып алуу максатында  Кадамжай  райондук  өнүктүрүү фондунан сунушталып жаткан бир миллион эки жүз мин (1 200 000) сом каражатты эки пайыз (2%) үстөк акы 5 жылдык мөөнөт менен  кредит түрүндө алуу зарылдыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Молдо Нияз Муниципиалдык ишканасына жүк ташуучу “HYUNDAI PORTER” үлгүсүндөгү авто унаасын сатып алуу максатында Кадамжай  райондук  өнүктүрүү фондунан сунушталып жаткан бир миллион эки жүз мин (1 200 000) сом каражатты эки пайыз (2%) үстөк акы 5 жылдык мөөнөт менен  кредит түрүндө алууга макулдук берилсин.
  2. Алынган кредит негизги суммасы жана үстөк төлөмдөрү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөнсүн. Бул милдетти мыйзам чегинде аткаруу Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө (Х.М. Досановго) милдеттендирилсин.
  3. Токтом расмий moldo-niyaz.gov.kg сайтына жарыялансын.
  4. Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн токтом Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Молдо Нияз айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик  жана  жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:                                                                                                        И.К. Салиев

Comments are closed.