Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы 9-октябрь 2025-жыл № 01-07/60

Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Алга айылындагы  Өрнөк мектебинин түндүк жана батыш тарабынан   1,0 га жер аянты Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине алууга  макулдук берүү жөнүндө

              Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 мыйзамынын 6-беренесине ылайык,  Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9-ноябрындагы №250 сандуу сунушунда көрсөтүлгөн,  жаңы  375 орунду салынып жаткан  Өрнөк мектебине ажыратылган жер аянты аз болгондугуна  байланыштуу  Өрнөк мектебинин түндүк жана батыш тарабынан   1,0 га жер аянты Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндөгу маселесин угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Жаңы 375 орунду салынып жаткан  Өрнөк мектебине ажыратылган жер аянты аз болгондугуна  байланыштуу  Өрнөк мектебинин тундук жана батыш тарабынан   1,0 га жер аянты Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
  2. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсин.
  3. Токтом расмий moldo-niyaz.gov.kg сайтына жарыялансын.
  4. Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн токтом Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына тапшырилсин.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Молдо Нияз айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

           Төрага:                                                                                            И.К. Салиев

 

Comments are closed.