Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы 9-октябрь 2025-жыл № 01-07/58

Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн балансындагы LED-экранга жарнактарды чыгаруу боюнча сумманы бекитүү жөнүндө

 

Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн киреше булактарын көбөйтүү максатында, айыл өкмөтүнүн балансындагы LED-экранды пайдалануу аркылуу кошумча киреше булактарын камсыз кылуу боюнча Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн балансындагы LED-экранда жарнама көрсөтүү боюнча жеке жана юридикалык жактар менен келишим төмөнкүдөй шарттарда түзүлсүн:
  • 10 секунддук видео-роликти көрсөтүүнүн баасы — күнүнө 300 (үч жүз) сомго чейин;
  • Шайлоо жана референдум мезгилинде ар бир видео-роликти көрсөтүүнүн баасы — күнүнө 1000 (миң) сомго чейин;
  • Видео-роликтин узактыгы 10–15 секунд болуп белгиленсин
  1. Жеке жана юридикалык жактар менен келишим түзүү, жарнактарды чыгарууну уюштуруу Молдо Нияз айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  2. Жарнактардан түшкөн акча каражаттары айыл өкмөтүнүн атайын эсебине киргизилип, айыл аймагынын керектөөлөрүнө жумшалсын.
  3. Токтом расмий moldo-niyaz.gov.kg сайтына жарыялансын.
  4. Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн токтом Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  

                 Төрага:                                                                                                        И.К. Салиев          

Comments are closed.