Муниципиалдык менчиктеги 0,50 га жер аянтын УКМКнын кызматкерлери үчүн кызматтык үй салууга макулдук берүү жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Бүргөндүү ПМК айылындагы 0,50 га муниципиалдык менчигинде катталган жер аянтыны Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК)2025-жылдын 24-сентябрындагы №05-31/1026 сандуу кайрылуусу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 2-октябрындагы № 01-18/4229 сандуу каты, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 2-октябрындагы № 01-16/1086 сандуу каты жана Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6-октябрындагы №03-01-13/1869 сандуу сунушунда көрсөтүлгөн Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Бүргөндүү ПМК айылындагы УКМКнын Баткен облусу боюнча 3-А. бөлүмүнө мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүдөгү маселе, Молдо Нияз айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9-октябрында өткөрүлгөн кезексиз сессиясында угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айылдык кеңеши токтом кылат:
- Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Бүргөндүү ПМК айылындагы жалпы аянты 0,50 га болгон муниципиалдык менчиктеги жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусу боюнча 3-А. бөлүмүнө мөөнөтсүз пайдаланууга макулдук берилсин.
- Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Молдо Нияз айыл өкмөтүнө (Х. М. Досановго) милдеттендирилсин.
- Токтом расмий moldo-niyaz.gov.kg сайтына жарыялансын.
- Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн токтом Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: И.К. Салиев
