Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
ТОКТОМ № 01-07/55
Алга айылы 12.08.2025-жыл
Молдо Нияз айыл аймагынын башкы (генералдык) планына ылайык жолдорду ачуу иштерин жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына таянып жана Молдо Нияз айыл аймагынын башкы планын аткаруу максатында, 2025-жылдын 12-августунда өткөрүлгөн Молдо Нияз айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги №6-сессиясында угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагынын башкы (генералдык) планына ылайык жолдорду ачуу иштери мыйзам чегинде аткарылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: И.К. Салиев