Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
ТОКТОМ № 01-07/53
Алга айылы 12.08.2025-жыл
Мурдагы Совет айыл өкмөтүнүн административдик-территориялык реформасына (АТР) чейинки кабыл алынган токтомдорун
өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 11-августундагы №293 сандуу сунушу Молдо Нияз айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 6-сессиясында талкууланып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына таянып, Молдо Нияз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Мурдагы Совет айыл өкмөтүнүн Административдик-аймактык реформасына (АТР) чейин кабыл алынган токтомдору ошол бойдон өзгөртүүсүз калтырылсын.
- Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламент депутаттык этика жана мандат, укук тартибин сактоо боюнча, Социалдык маселелер, спорт жана маданият, Экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жана Жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
- Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: И.К. Салиев