Молдо Нияз  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин 8-чакырылышынын  кезектеги   6-сессиясы  ТОКТОМ № 01-07/50

Молдо Нияз  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин 8-чакырылышынын  кезектеги   6-сессиясы

 ТОКТОМ № 01-07/50

                                       Алга айылы                                                                                                                                                               12.08.2025-жыл

Айылдардагы таштанды таштоочу жайлар үчүн жер аянттарын бекитүү жана документтештирүү жөнүндө

                    Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына таянып, жергиликтүү аймактардагы таштанды таштоочу жайлардын   санитардык абалына жана экологияга тийгизген таасирин эске алып, ошондой эле Молдо Нияз муниципалдык ишканасынын жетекчиси А. Кайыркуловдун билдирүүсүн угуп   жана талкуулап, Молдо Нияз айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Молдо Нияз айыл аймагындагы Алга жана Кыргыз-Кыштак айылдарында таштанды таштоочу жай үчүн жалпы аянттын өлчөмү 1,5 гектар, Совет жана Кайтпас айылдарында таштанды таштоочу жайлардын аянты 1 гектар деп бекитилсин.
  2. Жогоруда көрсөтүлгөн таштанды таштоочу жайлар боюнча бардык документтерди мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досаного милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  4. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

                            Төрага:                                                                                                     И.К. Салиев

 

Comments are closed.