Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы ТОКТОМ № 01-07/41

Молдо Нияз  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин 8-чакырылышынын  кезексиз   5-сессиясы

 

ТОКТОМ № 01-07/41

Алга айылы                                                                                          02.06.2025-жыл

Молдо Нияз  айыл аймагынын  2026-2027-2028-жылдар учун бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолун  бекитүү  жөнүндө.

 

Күн   тартибиндеги  маселе   боюнча   бюджет жана экономика комитетинде  каралып, талкуулангандыгын  эске алып, экономика  жана  каржы  бөлүмүнүн  башчысы-башкы  эсепчинин  Молдо Нияз айыл аймагынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2026-2027-2028-жылдар үчүн божомолу  жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Молдо Нияз  айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ     КЫЛАТ:

 

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын бюджетинин жергиликтүү  кирешелер   бөлүгүнүн 2025-жылдын   5-айлык планынын аткарылышы  9348,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
  2. Молдо Нияз айыл аймагынын 2026-жыл үчүн бюджетинин жергиликтүү кирешелеринин   божомолу   22449,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
  3. Молдо Нияз айыл аймагынын 2027-жыл үчүн бюджетинин жергиликтүү кирешелеринин   божомолу   23394,0  миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
  4. Молдо Нияз айыл аймагынын 2028-жыл үчүн бюджетинин жергиликтүү кирешелеринин   божомолу   24267,8  миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
  5. 2026-2027-2028-жылдардын бюджетинин жергиликтүү кирешелер бөлүгүнүн божомолун мыйзам чегинде аткаруу жана көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн  башчысы Х.Досановго   милдеттендирилсин.
  6. Токтомду көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламент депутаттык этика жана мандат, укук тартибин сактоо жана экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана  жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.
  7. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:                                                                                                        И.К. Салиев

Comments are closed.