Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы ТОКТОМ № 01-07/37

Молдо Нияз  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин 8-чакырылышынын  кезексиз   5-сессиясы

 

ТОКТОМ № 01-07/37

Алга айылы                                                                                                       02.06.2025-жыл

Шыбран айылындагы көмүр кенине баруучу жолду техникалык жол катары колдонуу  жөнүндө

Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Шыбран айылындагы көмүр кенине баруучу жолду көп жылдан бери жергиликтүү тургундар колдонуп келишкен. Азыркы учурда аталган жол көмүр казуу иштерин жүргүзүп жаткан ОсОО “Генерал Групп” компания тарабынан да колдонуга макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Шыбран айылындагы көмүр кенине баруучу жолду көмүр казуу иштерин жүргүзүп жаткан ОсОО “Генерал Групп” компаниясы техникалык максатта колдонууга укуктуу деп табылсын.

 

  1. Жолду тейлөө, коопсуздук чараларын сактоо жана жергиликтүү тургундарга тоскоолдук жаратпоо аталган компаниянын милдети катары белгиленсин.

 

  1. Токтомду көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламент депутаттык этика жана мандат, укук тартибин сактоо жана Жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

  1. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:                                                                                                               И.К. Салиев

Жооп калтыруу