Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы ТОКТОМ № 01-07/36

Молдо Нияз  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин 8-чакырылышынын  кезексиз   5-сессиясы

 

ТОКТОМ № 01-07/36

Алга айылы                                                                                                       02.06.2025-жыл

Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Шыбран айылындагы көмүр кенинин лицензиялык аянтынын ичиндеги 78,80га жер аянтын ижара иретинде бекитип берүү  жана ал жер аянтына жеңил типтеги курулуш жүргүзүүгө уруксат  берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле ОсОО “Генерал Групп”компаниясынын 2025-жылдын 26-майындагы №14/05 сандуу расмий кайрылуусуна ылайык, Шыбран айыл аймагындагы көмүр кенин казуу иштерин жүргүзүп жаткан компанияга лицензиялык жер аянтынын ичинде жайгашкан 78,80га жер аянтын ижарага берүү жана бул жер аянтына жеңил типтеги курулуш жүргүзүүгө уруксат  берүү маселесин угуп жана талкуулап,  Молдо Нияз айыл аймагынын  айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Шыбран айылындагы көмүр кенинин лицензиялык аянтынын ичинен жалпы аянты 78,80 гектар болгон жер тилкеси ОсОО “Генерал Групп” компаниясы үчүн убактылуу ижарага берүү жана казып алынган көмүрдү сактоо, өндүрүштө колдонуу, тиешелүү тейлөөчү жайлар менен камсыздоо максатында жер аянтына жеңил типтеги курулуш объектилерин курууга уруксат берилсин.

 

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлсүн жана бардык техникалык, экологиялык жана коопсуздук талаптары сактоо менен ижара келишимин даярдоо жана каттоо иштерин Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомду көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламент депутаттык этика жана мандат, укук тартибин сактоо жана Жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

  1. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:                                                                                                               И.К. Салиев

Жооп калтыруу