Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы
ТОКТОМ № 01-07/29
Алга айылы 20.03.2025-жыл
2023-жылы кабыл алынган мурдагы Алга айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган №86, №54 жана №69 токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” №370 жарлыгынын негизинде, мурдагы Алга, Кыргыз-Кыштак жана Совет айыл өкмөттөрү биригип, Молдо Нияз айыл аймагы болуп аталгандыктан, мурдагы Алга айыл аймагындагы Жаңы-Чек участогунан турак жай курууга 100 гектар жердин программасын бекитүү жөнүндөгү 2023-жылдын 23-ноябрындагы №86 токтому, Жаңы-Чек айылындагы трансформация болуп жаткан 100 (жүз) гектар жер аянтынын ичинде бузулуп, жок болуп кеткен 0,30 (отуз) га короонун жок экендигине акт түзүп берүү жөнүндөгү 2023-жылдын 28-майындагы №54 токтому жана Алга айыл аймагынын Жаңы-Чек участкасындагы “Калктуу конуштардын жерлери” категориясындагы жер тилкелердин тизмесин жарандарга бекитүү жана генералдык планын бекитүү жөнүндөгү 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 69 Алга айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча маселени угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Мурдагы Алга айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган, Алга айыл аймагындагы Жаңы-Чек участогунан турак жай курууга 100 гектар жердин программасын бекитүү жөнүндөгү 2023-жылдын 23-ноябрындагы №86 токтому, Жаңы-Чек айылындагы трансформация болуп жаткан 100 (жүз) гектар жер аянтынын ичинде бузулуп жок болуп кеткен 0,30 (отуз) га короонун жок экендигине акт түзүп берүү жөнүндөгү 2023-жылдын 28-майындагы №54 токтому жана Алга айыл аймагынын Жаңы-Чек участкасындагы “Калктуу конуштардын жерлери” категориясындагы жер тилкелердин тизмесин жарандарга бекитүү жана генералдык планын бекитүү жөнүндөгү 2023-жылдын 22-сентябрындагы №69 токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: И.К. Салиев