Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы ТОКТОМ № 01-07/25

Молдо Нияз  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин 8-чакырылышынын  кезексиз   4-сессиясы

 

ТОКТОМ № 01-07/25

Алга айылы                                                                                                              20.03.2025-жыл

Муниципалдык менчикте катталган Алга айылындагы маданият үйүнүн жер тилкесинен “Кыргыз почта” имаратын куруу үчүн 0,01 га жер аянттын

ажыратып берүү

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз        4-сессиясына сунушталган, Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 20-февралындагы №67 чыгыш катында көрсөтүлгөн — Алга айылында “Кыргыз почта” имаратын куруу максатында, муниципалдык менчикте турган Алга маданият үйүнүн жер тилкесинен 0,01 га аянттын ажыратып берүү маселеси — Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясында угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Алга айылындагы муниципалдык менчиктеги Маданият үйүнүн жер тилкесинен “Кыргыз почта” имаратын куруу максатында 0,01 га жер аянты ажыратып берилсин.

 

  1. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык, токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн жөнөтүлсүн.

 

 

 

Төрага:                                                                                                        И.К. Салиев

Comments are closed.