Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы
ТОКТОМ № 01-07/24
Алга айылы 20.03.2025-жыл
Молдо Нияз айыл аймагынын Алга айылындагы “Күрөш залын” капиталдык оңдоого Кыргыз Республикасынын Үлүштүк дем берүүчү грантына даярдалган долбоорду колдоо жөнүндөгү 29.08.2024-жылдагы №38 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Алга айылындагы “Күрөш залын” капиталдык оңдоого Кыргыз Республикасынын Үлүштүк дем берүүчү грантына даярдалган долбоорду колдоо жөнүндө 29.08.2024-жылдагы №38 токтомго өзгөртүү жана толуктоо киргизүү зарылдыгын эске алып, талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-августунда кабыл алынган №38 токтомунун 1-пунктуна төмөнкү мазмундагы өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылындагы “Күрөш залын” капиталдык оңдоодон КР Үлүштүк дем берүүчү гранты менен каржыланып жаткан долбоорго Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары жалпы 822 582 (сегиз жүз жыйырма эки миң беш жүз сексен эки) сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнсүн.
- Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы жана бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдалануу жана оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүү боюнча жоопкерчилик Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн жонөтүлсүн.
- Токтомду көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламент депутаттык этика жана мандат, укук тартибин сактоо жана экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: И.К. Салиев