Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы ТОКТОМ № 01-07/23

Молдо Нияз  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин 8-чакырылышынын  кезексиз   4-сессиясы

 

ТОКТОМ № 01-07/23

Алга айылы                                                                                                       20.03.2025-жыл

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштүү Нургазиев жана Бүргөндүү каналдары Мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Кадамжай суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүү жөнүндө

 Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштүү Нургазиев каналы узундугу 21км ички каналдын узундугу 14км жана Бүргөндүү каналы узундугу 9 км Мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Кадамжау суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

   ТОКТОМ   КЫЛАТ:

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштүү Нургазиев каналы узундугу 21км, ички каналдын узундугу 14км жана Бүргөндүү каналы узундугу 9 км Мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Кадамжау суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берилсин.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн жонөтүлсүн.

 

  1. Токтомду көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламент депутаттык этика жана мандат, укук тартибин сактоо жана экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана  жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:                                                                                                               И.К. Салиев

Comments are closed.