Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын
2025-жылдагы 3-сессиясы
Токтом № 01-07/21
Алга айылы 27.02.2025-жыл.
Шыбран айылындагы алтын кенин иштетүүгө уруксат берүү жана жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарын коргоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарына таянып: жер кодексинин Долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү жана жер казынасын пайдалануу үчүн жер участокторун пайдалануунун тартиби жөнундөгу 60-61статьяларына жана Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майы № 49 “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамына негиз,“ЭКСКОМ” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан Шыбран айылындагы алтын кенин иштетүү боюнча сунушун, жергиликтүү тургундардын кызыкчылыктарын жана социалдык муктаждыктарын эске алып, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “ЭКСКОМ” жоопкерчилиги чектелген коому Шыбран айылындагы алтын кенин көрсөтүлгөн 1 (бир) гектар аянттан ашпаган аймакта, лицензиялык мөөнөтө казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.
- Кен казуучу компания, айылдык кеңеш тарабынан белгиленген социалдык милдеттенмелерди аткарууну 2025-жылдын март айынан баштап кыска мөөнөттө бүткөрүүгө милдеттендирилсин.
- Шыбран айылындагы булактын суулары кен казуунун кесепетинен суусу тартылып кетүү көркүнүчүн алды алынсын, эгер суу тартылып кетүү коркунучу туулса Шыбран айылынын суу менен камсыз кылуу чаралары “ЭКСКОМ” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан каралсын.
- Кен иштетүүчү компания тарабынан экологиялык нормалар жана жер казынасын коргоо боюнча мыйзамдары так сакталсын.
- Кен иштетүү процесси Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтү жана коомдук комиссия тарабынан көзөмөлгө алынсын.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн жонөтүлсүн.
- Токтомду көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: И. К. Салиев