Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 1-сессиясы Токтом № 01-07/18

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 1-сессиясы

 

Токтом  № 01-07/18                        

Алга айылы                                                                                      20.01.2025-жыл

           

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак  айылына

тигүү цехин ачуу жөнүндө

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылына тигүү цехин ачуу үчүн райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна даярдалган долбоорго айыл өкмөттүн өздүк салымы катары 475349 (төрт жүз жетимиш беш миң үч жүз кырк тогуз) сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндөгү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана  демилгелөөчү топтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылына тигүү цехин ачуу үчүн райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна даярдалган долбоорго Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 475349 (төрт жүз жетимиш беш миң үч жүз кырк тогуз) сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.

 

  1. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн жонөтүлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана  жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:                                                                                            И.К. Салиев

Comments are closed.