Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 1-сессиясы Токтом № 01-07/14

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 1-сессиясы

Токтом  № 01-07/14                      

Алга айылы                                                                                      20.01.2025-жыл

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылындагы кичи спорт аянтчасынын капиталдык оңдоодон өткөрүү жөнүндө

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылындагы кичи спорт аянтчасынын капиталдык оңдоо боюнча  райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна сунушталган долбоорго айыл өкмөттүн өздүк салымы катары 289403 (эки жүз сексен тогуз миң төрт жүз үч) сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджет эсебинен каржылоо  жөнүндөгү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана демилгелөөчү топтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылындагы кичи спорт аянтчасынын капиталдык оңдоо боюнча райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна сунушталып жаткан долбоорго Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары жалпы  289403 (эки жүз сексен тогуз миң төрт жүз үч) сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнсүн.

 

  1. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн жонөтүлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана  жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:                                                                                            И.К.  Салиев

Comments are closed.