Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 1-сессиясы Токтом № 01-07/12

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 1-сессиясы

Токтом  № 01-07/12                      

Алга айылы                                                                                      20.01.2025-жыл

 

Адыр айылындагы Чукур-Кыштак көчөсүнүн 1.5 км аралыгына асфальт

төшөө жөнүндө

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Адыр айылындагы Чукур-Кыштак көчөсүнүн жолунун абалын жакшыртуу үчүн жолдун 1,5 км аралыгына асфальт төшөө боюнча даярдалган долбоорду райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна сунушталып жаткандыгы жана долбоорго айыл өкмөттүн өздүк салымы катары 641 563,00 ( алты жүз кырк бир миң беш жүз алтымыш үч) сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндөгү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана  демилгелөөчү топтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Адыр айылындагы Чукур-Кыштак көчөсүнүн 1.5 км аралыгына асфальт төшөө боюнча даярдалган долбоорду райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна сунушталып жаткандыгы жана долбоорго айыл өкмөттүн өздүк салымы катары жалпы 641 563,00 ( алты жүз кырк бир миң беш жүз алтымыш үч) сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнсүн.

 

  1. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн жонөтүлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана  жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:                                                                                            И.К. Салиев

Comments are closed.