Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 1-сессиясы
Токтом № 01-07/11
Алга айылы 20.01.2025-жыл
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайтпас айылындагы кичи спорт аянтчасынын капиталдык оңдоо жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайтпас айылындагы кичи спорт аянтчасынын капиталдык өңдоо боюнча даярдалган долбоорду райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна сунушталып жаткандыгы жана долбоорго айыл өкмөттүн өздүк салымы катары 290031,00 (эки жүз токсон миң отуз бир) сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндөгү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана демилгелөөчү топтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайтпас айылындагы кичи спорт аянтчасынын капиталдык ондоо боюнча даярдалган долбоорду райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна сунушталып жаткандыгы жана долбоорго айыл өкмөттүн өздүк салымы катары жалпы 290031,00 (эки жүз токсон миң отуз бир) сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнсүн.
- Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн жонөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: И.К. Салиев