Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 1-сессиясы
Токтом № 01-07/8
Алга айылы 20.01.2025-жыл
Молдо Нияз айыл аймагында Бөксө жана Мыргылжек аталышындагы айылдар жок экендиги жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу, Бөксө жана Мыргылжек аталышындагы айылдар жок экендиги жөнүндөгү маселени, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 2025-жылдын 1-сессиясында угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кадамжай райондук статистика башкармалыгыда каттоодо турган Молдо Нияз айыл аймагында Бөксө жана Мыргылжек аталышындагы айылдар текшерилип, расмий түрдө Бөксө жана Мыргылжек аталышындагы айылдар жок экендиги Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан тастыкталсын.
- Бөксө жана Мыргылжек аталышындагы айылдар жөнүндөгү расмий маалыматты жергиликтүү калкка жана тиешелүү органдарга жеткирүү жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо үчүн айылдык кеңеш жана айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери тиешелүү чараларды көрүшү керек.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн жонөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламент депутаттык этика жана мандат, укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: И.К. Салиев