Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
Токтом № 01-07/3
Алга айылы 20.01.2025-жыл
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга түзүлгөн
иш- планын бекитүү.
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндөгү маселени Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясында угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга түзүлгөн иш-планы бекитилсин.
- Иш планын ишке ашырууда айыл өкмөтү жана мекемелердин катышуусун камсыз кылуу максатында жыйындар, иштердин жүрүшүн байкоо жана отчет берүү уюштурулсун.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Мамарасул кызы Дилфузага тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага: И.К. Салиев
Молдо Нияз айылдык кеңешинин
20-январь 2025-ж №01-07/3 токтомуна
тиркеме
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата түзүлгөн жылдык иш-планы.
№ | Милдеттер | Иш-чара жана аракеттердин аталышы
|
Күтүлүүчү жыйынтыктар | Аткарууга
Жооптуу |
Каржылоо булактары | Аткаруу мөөнөтү |
1. Административдик-территориалдык реформаны жана мамлекеттик саясаттык ишке ашыруу боюнча
|
||||||
1 | Президенттин Жарлыктарын жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын ар дайым көзөмөлгө алып, аткарууга алынуусун көзөмөлдөө | Жогорку органдардан келген корренспонденцияларды өз убагында СЭД ке каттоо менен аткарууга алуу | Документ иштери жакшы жолго коюлат жана иш кагаздары жакшы жолго коюлат | Айыл өкмөтү | Ар дайым | |
2 | Жарандардын арыз-даттанууларын өз убагында кароо | Жарандардын арыз –даттанууларын өз убагында карап, чечип берүү | Элдин көйгөйлөрү чечилет | Айыл өкмөтү | Ар дайым | |
3 | Молдо Нияз айыл аймагындагы салык жыйноо көрсөткүчүн 120 пайызга көрсөтүү | Молдо Нияз айыл аймагындагы салык төлөөчүлөрдү эсепке алууда жана салыктарды жыйноого көмөк көрсөтүү менен айыл өкмөтүндө салык жыйноо
көрсөткүчтөрүн берилген планга жеткирүү |
Мамлекет тарабынан коюлган мамлекеттик социалдык жана салык төлөмдөрү өз убагында аткарылып, пенсия, пособиялар убагында
берилүү менен кошумча салыктардын эсебинен жергиликтүү бюджетке акча каражаттары түшөт
|
Айыл өкмөтү | 2025-жыл ичинде | |
2.Курулуш тармагы боюнча | ||||||
1 | Алга айылындагы “Гүлдесте” балдар бакчасына кошумча имарат куруу боюнча иш кагаздарын даярдоо.
|
Алга айылындагы “Гүлдесте” балдар бакчасынын кошумча имаратынын курулушун иш кагаздары даярдалып, өнүктүрүү фондуна сунушталат.
|
Балдар бакчасына муктаж болгон балдарга шарт түзүлөт | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет,
Баткен өнүктүрүү фондуна сунуштоо |
Жыл ичинде |
2 | Алга айылына жаңыдан ФАПтын имаратыны куруу боюнча, долбоорун даярдоо. | Алга айылына жаңыдан ФАП куруу боюнча долбоору даярдалат. | Жергиликтүү тургундар медициналык кызмат менен камсыз болууга шарт түзүлөт. | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет | Жыл ичинде |
3 | Кайтпас айылынын негизги автоунаа жолунун боюнча 3 км тратуар жана сейил бак куруу | Кайтпас айылынын негизги автоунаа жолунун боюнча 3км тратуар жана сейил бак куруу боюнча долбоор даярдалууда | Жергиликтүү тургундарга шарт түзүлөт | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет,
Баткен өнүктүрүү фонд |
Жыл ичинде |
4 | Алга айылындагы “Орнок” орто мектебинин жаңы имаратын куруу боюнча иш кагаздарын даярдоо . | Алга айылындагы “Орнок” орто мектебинин жаңы имаратын куруу боюнча иш кагаздары даярдалууда. | Алга айылындагы “Орнок” орто мектебинин жаңы имаратын куруу боюнча долбоор даярдалат. | Айыл өкмөтү
|
Республикалык бюджет,
жергиликтүү бюджет. |
Жыл ичинде |
5 | Ак-Тилек айылындагы “Ак-Тилек” орто мектебинин жаңы имаратын куруу | Ак-Тилек айылындагы “Ак-Тилек” орто мектебинин жаңы имаратын куруу боюнча иш аракеттер жүрүүдө | Ак-Тилек айылындагы “Ак-Тилек” орто мектебинин жаңы имаратын курулса мугалимдерге жана окуучуларга шарт түзүлөт | Айыл өкмөтү
|
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет. | Жыл ичинде |
6 | Алга айылынын 1 га жер аянтына сейил бак куруу | Алга айылына 1 га жер аянтына сейил бак куруп, сейил бактын ичине балдар аянтчасын куруу үчүн долбоорлор жана иш аракеттер жүрүүдө. | Айыл тургундарына эс алуучу жана балдарга ойноочу жайлар курулат. | Айыл өкмөт | Жергиликтүү бюджет жана донор | Жыл ичинде |
7 | Айыл аймагындагы мал жандыктар арасында жугуштуу ооруулардын алдын алуу | Айыл аймагындагы мал жандыктарынын арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча эмдөөлөрдү жүргүзүү | Айыл тургундарынын мал жандыктарынын арасында жугуштуу оорулардын алдын алынат. | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет | Жыл ичинде белгиленген мөөнөттө |
8 | Молдо Нияз айыл аймагындагы коомдук-саясий абалды көзөмөлдөө | Молдо Нияз айыл аймагынын аймагында коомдук-саясий абалды көзөмөлдөө жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында кооптуу жерлерге видео байкоолорду орнотуу | Молдо Нияз айыл аймагында коомдук-саясий абал көзөмөлгө алынып, туруктуулукка жетишилет
|
Айыл өкмөтү | 2 квартал | |
9 | Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн графигине негиз, элдерге жыйын өткөрүү | Молдо Нияз айыл аймагында айылдарда 2 жолу жыйын өткөрүү | Молдо Нияз айыл аймагындагы элдерди ысырапкорчулукту жоюну жана башка үнөмдүү болгон иш аракеттер жүргүзүлүшүнө шарт түзүлөт | Айыл өкмөтү, тийиштүү адистер | Жыл ичинде | |
10 | Молдо Нияз аймагындагы мекеме иш каналарда иштеп жаткан кызматкерлерди коррупцияны алдын алуу боюнча жыйын өткөрүү | Молдо Нияз айыл өкмөтүндө жыйындарды өткөрүү | Молдо Нияз аймагындагы мекеме иш каналарда иштеп жаткан кызматкерлерди мыйзам менен иштөөнү чектейт | Айыл өкмөт | Квартал сайын | |
11 | Зордук зомбулук боюнча Молдо Нияз айыл аймагынын айылдарында жыйындарды өткөрүү | Молдо Нияз аймагы боюнча чогулуш өткөрүү | Молдо Нияз аймагы боюнча жер жерлерде зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча чогулуш өткөрүү | Айыл өкмөт,
тийиштүү адистер, ИДН |
Квартал сайын | |
12 | Аймактагы жакыр үй-бүлөгө айыл өкмөтүнүн бюджетинен бизнес баштоо үчүн 100 000 сом акча бөлүү | Аз камсыз болгон бир үй-бүлөгө жакырчылыктан чыгаруу үчүн 100 000 сом акча берип,бизнесин баштоого документтерин тактоо | Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын оңдоого шарт түзүп берилет | Айыл өкмөт,
тийиштүү адистер
|
Жергиликтүү бюджет | Жыл ичинде |
13 | Турмуштук оор кырдаалга чалдыккан жарандарды социалдык өнүктүрүү министрлигинин “Социалдык контракт” долбооруна катышууга көмөктөшүү | Молдо Нияз айыл аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын жакшыртуу үчүн соц. контракт долбооруна катышуу | Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын оңдоого шарт түзүп берилет | Айыл өкмөт,
тийиштүү адистер
|
Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет, БУУ ДАТП | Жыл ичинде |
14 | Кыш мезгилинде жалгыз бой карылар, аз камсыз үй-бүлөлөр жана ДМЧА дарга даректүү жардам катары 300 кг көмүр менен камсыздандыруу | Айыл өкмөтү тарабынан жардам көрсөтүү. | Аймактагы аз камсыз болгон үй бүлөлөргө 300 кг көмүр берип, кышка кам көрүлөт. | Айыл өкмөт,
тийиштүү адистер
|
Жергиликтүү бюджет | |
3. Инфраструктураны жакшыртуу боюнча | ||||||
1 | Кайтпас жана Кыргыз-Кыштак айылдарындагы кичи футбол аянтчаларын капиталдык оңдоодон өткөрүү | Кайтпас жана Кыргыз-Кыштак айылдарындагы кичи футбол аянтчаларын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча өнүктүрүү фондуна сунушталат. | Жергиликтүү тургундар спорт менен машыгууга шарт түзүлөт. | Айыл өкмөтү
|
Жергиликтүү бюджет, райондук өнүктүрүү фонд. | Жыл ичинде |
2 | “АРИС” башталгыч мектебинин имаратын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү | “АРИС” башталгыч мектебинин имаратын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү боюнча долбоор даярдалып сунушталды | “АРИС” башталгыч мектебинин имаратын капиталдык оңдоп түзөөдөн өтсө, аталган мектептин окуучулары жана мугалимдерине шарт түзүлөт. | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет, Республикалык бюджет | Жыл ичинде |
3 | Алга айылындагы күрөш залын капиталдык оңдоодон өткөрүү | Айыл өкмөтүнө таштанды ташуучу техника, портер жана экскватор сатып алуу | Жергиликтүү тургундар спорт менен машыгууга шарт түзүлөт | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет, Республикалык бюджет | Жыл ичинде |
4 | Алга айылынын Шыбран көчөсүндөгү кичи футбол аянтчасын капиталдык оңдоодон өткөрүү | Алга айылынын Шыбран көчөсүндөгү кичи футбол аянтчасын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча фондго сунушталды | Жергиликтүү тургундар спорт менен машыгууга шарт түзүлөт | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет | Жыл ичинде |
5 | Кыргыз-Кыштак айылындагы Т. Тургунов көчөсүнүн 2 км жолду асфальттоо | Кыргыз-Кыштак айылындагы Т. Тургунов көчөсүнүн 2 км жолду асфальт төшөлөт | Жергиликтүү калкка шарт түзүлөт | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет, Республикалык бюджет | 3- квартал |
6 | Адыр айылынын Чукур-Кыштак көчөсүнө асфальт төшөө | Адыр айылынын Чукур-Кыштак көчөсүнө асфальт төшөө боюнча долбоор даярдалып, өнүктүрүү фондго сунушталды | Жергиликтүү калкка шарт түзүлөт | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет,
Өнүктүрүү фонду |
3-квартал |
7 | Совет айылындагы негизги 3 км автонунаа жолун асфальттоо | Совет айылындагы негизги автонунаа жолун асфальттоо боюнча долбоор даярдалууда | Жергиликтүү калкка шарт түзүлөт | Айыл өкмөтү | Республикалык бюджет | Жыл ичинде |
8 | Кыргыз-Кыштак айылындагы Умай-Эне жана Т.Тургунов көчөлөрүнө 4 км тратуар куруу | Кыргыз-Кыштак айылындагы Умай-Эне жана Т.Тургунов көчөлөрүнө 4 км тратуар курууга долбоор даярдалууда | Жергиликтүү калкка шарт түзүлөт | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет, БУУ ДАТП | Жыл ичинде |
9 | Шыбран айылынын негизги 3 км автоунаа жолун асфальттоо | Шыбран айылындагы негизги автонунаа жолун асфальттоо боюнча долбоор даярдалууда | Жергиликтүү калкка шарт түзүлөт | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет, Республикалык бюджет | Жыл ичинде |
10 | Алга айылындагы Курманжан Датка жана Биримдик көчөлөрүнө 2 км тратуар куруу | Алга айылындагы Курманжан Датка жана Биримдик көчөлөрүнө 2 км тратуар куруу боюнча долбоор даярдалууда
|
Жергиликтүү калкка шарт түзүлөт | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет,
БУУ ДАТП |
Жыл ичинде |
11 | Кыргыз-Кыштак айылындагы мурдакы айыл өкмөттүн эски имаратын 10 сааттык бала бакчага которуу жана капиталдык оңдоодон өткөрүү | Кыргыз-Кыштак айылындагы мурдакы айыл өкмөттүн эски имаратын 10 сааттык бала бакчага которуу, муктаж балдарга шарт түзүү. | Балдар бакчасына муктаж балдарга шарт түзүлөт | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет,
Өнүктүрүү фонд |
Жыл ичинде |
12 | Совет айылындагы №21 Кан орто мектебинин волейболдук аянтчасын капиталдык оңдоодон өткөрүү | Совет айылындагы №21 Кан орто мектебинин волейболдук аянтчасын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча өнүктүрүү фондуна сунушталды. | №21 Кан орто мектебинин окуучуларына жакшы шарт түзүлөт | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет,
Өнүктүрүү фонд |
Жыл ичинде |
13 | Молдо Нияз айыл аймагына күн энергиясын колдонуу боюнча 1820 га жер аянтына күн панелин ишке берүү | Күндөн энергия алуучу панелди ишке берип аймактагы жумушсуздарды жумуш менен камсыз кылуу. | Жарыктандыруу үзгүлтүксүз иштейт | Айыл өкмөт | Чет өлкөлүк инвесторлор | Жыл ичинде |
14 | “Жашыл мурас” КР Президентинин жарлыгын толук ишке ашыруу. Кыргыз-Кыштак,Совет,Алга жана Кайтпас айылдарына 800 көчөт отургузуу | “Жашыл мурас” КР Президентинин жарлыгын толук ишке ашыруу. Көчөттөрдүн толук кандуу өсүшүнө көңүл буруу.Жол жээктерин жашылдандыруу, жакшыртуу. | 800 көчөт отургузулат, аймакты көрктөндүрөт. | Айыл өкмөт | Жергиликтүү бюджет, жеке ишкерлер | 3 квартал |
15 | Алга айылындагы стадионунун волейболдук аянтчасына резинка төшөө жана ачык тренажердик аянтча куруу боюнча долбоорун даярдоо | Волейболдук аянтчасына резинка төшөө жана ачык тренажердик аянтча куруу боюнча долбоор даярдалууда. | Айыл тургундары ден соолугун чындап, спорт менен машыккандарга шарт түзүлөт. | Айыл өкмөт | Жергиликтүү бюджет,
Өнүктүрүү фонд |
Жыл ичинде |
16 | Молдо Нияз айыл аймагынын Алга жана Кыргыз-Кыштак айылдарындагы оорууканаларды капиталдык оңдоодон өткөрүү | Молдо Нияз айыл аймагынын Алга жана Кыргыз-Кыштак айылдарындагы оорууканаларды капиталдык оңдоодон өткөрүп,шарт түзүү. | Оорууканада жаткан жарандарга заманбап шарттар түзүлөт. | Айыл өкмөт | Жергиликтүү бюджет,
Өнүктүрүү фонд |
Жыл ичинде |
17 | Молдо Нияз айыл аймагындагы негизги жолдун боюна электрожарнамалык лед экран орнотуу | Электрожарнамалык лед экранда, айыл аймакта болуп жаткан иш аракеттерди маалымдоо. | Молдо Нияз айыл аймагындагы болуп жаткан иш аракеттерди жана боло турган иштерди көргөзөт. | Айыл өкмөт | Жергиликтүү бюджет | Жыл ичинде |
18 | Алга айылынын Акжол көчөсүнө 4,5 км жолго шагыл төшөп, оңдоп түзөө | Алга айылынын АРИС көчөсүндөгү жолго шагыл төшөп, оңдоп түзөөгө долбоорлор даярдалууда. | Жергиликтүү калкка шарт түзүлөт. | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет
|
Жыл ичинде |
19 | Шыбран айылынын кирүүчү негизги автоунаа жолуна арка куруу | Шыбран айылынын кирүүчү негизги автоунаа жолуна арка куруу боюнча иш аракеттер жүрүүдө | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет,
элдик салым |
Жыл ичинде | |
4. Электр энергия тармагы боюнча | ||||||
1 | Айыл өкмөтүнүн аймагына 300 даана столба, электр чубалгы жана 3 даана трансформатор сатып алуу жана орнотуу | Эскилиги жеткен жыгач электр столбаларын, трансформаторлорду жана электр чубалгыларын алмаштыруу боюнча иш аракеттери жүрүүдө | Жергиликтүү калктын коопсуздугу сакталат. | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет | 2-квартал |
2 | Алга айылынын борбордук аянтчасына келүүчү тосмолорду жана айланпаны оңдоо | Алга айылынын борбордук аянтчасына келүүчү тосмолорду жана айланпаны оңдоп көрктөндүрүү | Борбордук аянтчага келүүчү жол жарыктандырып, көрктөндүрүлөт. | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет | Жыл ичинде |
5.Айыл чарба жана ирригация боюнча | ||||||
1 | Айыл аймактагы Кыргыз-Кыштак 1-бөлүм, Жаңы-Чек жана Алга айылдарынын сугат суусу жетишсиз жерлерине суу жеткирүү | Айыл аймактагы сугат суу жетишсиз айылдарды суу менен камсыз кылуу | Жергиликтүү тургундар суу менен камсыз болот | Айыл өкмөтү | Райондук суу чарба башкармалыгы | 3-квартал |
2 | Жаңы-Чек айылына калктуу конуштарга жана мамлекеттик фондтун жерлерине скважина менен суу чыгаруу | Долбоору даярдалууда, иш кагаздарын бүткөрүү | Жергиликтүү тургундар сугат суу менен камсыз болот | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет, Өнүктүрүү фонд | Жыл ичинде |
3 | Ак-Турпак айыл өкмөтүнөн Молдо Нияз айыл өкмөтүнө келүүчү каналынын курулушун 8 км бүткөрүү | Ак-Турпак айыл өкмөтүнөн Молдо Нияз айыл өкмөтүнө келүүчү каналынын курулуш иштерин бүткөрүү | Айыл аймагынын тургундарынын суу маселеси чечилет | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет | Жыл ичинде |
4 | Алга , Чукур-Кыштак, Адыр айылдардын элин таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорун даярдоо
|
Алга , Чукур-Кыштак, Адыр айылдардын элин таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоор даярдоо боюнча иш аракеттер жүрүүдө
|
Аймактагы таза суу жетишсиз айылдар таза суу менен камсыз болот | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет , республикалык бюджет | Жыл ичинде |
5 | Алга айылындагы 100 га жана Кыргыз-Кыштак айылындагы 200 га жер аянтынын трансформациялоо иштерин бүтүрүү жана трансформациялоо иш кагаздарын даярдоо, министрликке сунуштоо | Айыл өкмөтүнүн аймагынан 100 га жер аянтын трансформациялоо жана тийиштүү иш кагаздарын даярдалууда | Жергиликтүү тургундар жер участкасы менен камсыз болот | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет | Жыл ичинде |
6 | Административдик реформага байланыштуу, мурдагы Алга,Совет жана Кыргыз-Кыштак айыл өкмөттөрүнүн территориясындагы жерлерин инвентаризациялоо | Административдик реформага байланыштуу, мурдагы Алга,Совет жана Кыргыз-Кыштак айыл өкмөттөрүнүн территориясындагы жерлерин инвентаризациялоо боюнча иш аракеттер жүрүүдө | Жер аянттарынын инвентаризациялоо иштери бүтөт | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет | 3 квартал |
7 | Молдо Нияз айыл аймагындагы 900 га жер аянтын өздөштүрүүгө берүү | Молдо Нияз айыл аймагындагы 900 га жер аянтын өздөштүрүүгө берип, бак тигип, айлана чөйрөнү жашылдандыруу | Жергиликтүү тургундар бак отургузуп көрктөндүрөт. | Айыл өкмөтү | Жыл ичинде | |
8 | Адыр айылына сугат суусун алып келүү үчүн 3500 м бетон арык куруу | Адыр айылына сугат суусун алып келүү үчүн бетон арык куруу боюнча долбоор даярдалып, өнүктүрүү фондуна сунушталды | Айыл аймагынын тургундарынын сугат суу маселеси чечилет | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет, ВППООН | Жыл ичинде |
9 | Шыбран айылына суу сактоочу 300 даана габион куруу | Шыбран айылына суу сактоочу резервуарды селден коргоо үчүн габион куруу боюнча долбоор даярдалууда | Жергиликтүү тургундарды табийгый кырсыктын алдын алуу | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет, ВППООН | Жыл ичинде |
10 | Жаңы-Чек айылындагы сел келүүчү 300 м сайды оңдоо | Жаңы-Чек айылындагы сел келүүчү сайдын нугун буруу боюнча долбоор даярдалууда | Жергиликтүү тургундарды табийгый кырсыктын алдын алуу | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет, ВППООН | Жыл ичинде |
11 | Адыр айылындагы ичүүчү суунун резервуарынын айланасын тосуу 20* 20* | Адыр айылындагы ичүүчү суунун резервуарынын айланасын тосуу боюнча долбоор даярдалууда | Айыл тургундарына шарт түзүү | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет, ВППООН | Жыл ичинде |
12 | АРИС көчөсүнө 1000 м таза суу тартуу | АРИС көчөсүнүн шлангасына 1000м таза суу тартуу боюнча долбоор даярдалууда | Жергиликтүү тургундарына шарт түзүлөт. | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет, ВППООН | Жыл ичинде |
13 | Адыр айылына 2500м бетон арык куруу | Адыр айылына 2500 м бетон арык куруу жана ички арыктарды оңдоо боюнча долбоору даярдалууда | Айыл тургундарына шарт түзүлөт. | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет, ВППООН | Жыл ичинде |
14 | Алга айылындагы Курманжан-Датка көчөсүнө 1000 м бетон арык куруу | Алга айылынын Курманжан-Датка көчөсүнө 1000м бетон арык куруу жана ички арыктарды оңдоо боюнча долбоору даярдалууда | Айыл тургундарына шарт түзүлөт. | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет, ВППООН | Жыл ичинде |
15 | Ак-Тилек айылына 2000м бетон арык жана 2 көпүрө куруу | Ак-Тилек айылына 2000 м бетон арык куруу жана 2 көпүрө куруу боюнча долбоор сунушталды | Айыл тургундарына шарт түзүлөт. | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет, ВППООН | Жыл ичинде |
6.Өндүрүштүк ишкана боюнча | ||||||
1 | Алга айылына тоок фирма ачууга жеке ишкерге көмөктөшүү | Алга айылындагы тоок фирма ачылат | Айыл тургундарынын жумуш менен камсыз болот. | Айыл өкмөтү | Жеке ишкер | Жыл ичинде |
2 | Алга айылына 15 орундуу тигүү цехин ачуу | Алга айылында 15 орундуу тигүү цехин куруу боюнча долбоор даярдалып өнүктүрүү фондго сунушталды | Айыл тургундарынын жумуш менен камсыз болот. | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет | Жыл ичинде |
3 | Совет айылындагы шириндик чыгаруучу цех ачуу | Совет айылындагы шириндик чыгаруучу цехтин долбоору даяр , өнүктүрүү фондуна сунушталды. | Айыл тургундарынын жумуш менен камсыз болот. | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет | Жыл ичинде |
4 | Кыргы-Кыштак айылынын мурдакы айыл өкмөтүнүн имаратына 10 орундуу атайын тигүү машиналарын сатып алуу боюнча иш кагаздарын даярдоо | Кыргы-Кыштак айылынын мурдакы айыл өкмөтүнүн имаратына 10 орундуу атайын тигүү машиналарын сатып алуу боюнча долбоор даярдалууда | Айыл тургундарынын жумуш менен камсыз болот. | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет, өнүктүрүү фонд | Жыл ичинде |
5 | Кайтпас айылына 10 орундуу тигүү цехин ачуу боюнча иш кагаздарын даярдоо | Кайтпас айылына 10 орундуу тигүү цехин куруу боюнча долбоор даярдалууда | Айыл тургундары жумуш менен камсыз болот. | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет, өнүктүрүү фонд | Жыл ичинде |
7.Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча | ||||||
1 | Молдо Нияз айыл аймагындагы Шыбран,Совет,Кожо-Корум,Жаңы-Чек жана Кайтпас айылдарына сел коркунучу бар сайларды бекемдөө | Молдо Нияз айыл аймагындагы сел келүүчү сайлардын жээктерин бекемдөө | Айыл тургундарынын коопсуздугу сакталат. | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет | Ар дайым |
2 | Алга айылындагы сел келүүчү дамбага көпүрө куруу
|
Алга айылындагы сел келүүчү дамбага көпүрө курулат
|
Айыл тургундарынын коопсуздугу сакталат. | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет | 3-квартал |
Молдо Нияз айыл аймагында 2025-жыл ичинде аткарылуучу иш-чаралардын саны 60
Анын ичинде:
- Административдик-территориалдык реформаны жана мамлекеттик саясаттык ишке ашыруу боюнча: 3 иш чара
- Курулуш тармагы боюнча: 14 иш чара
- Инфраструктураны жакшыртуу боюнча: 19 иш чара
- Электр энергия тармагы боюнча: 2 иш чара
- Айыл чарба жана ирригация боюнча: 15 иш чара
- Өндүрүштүк ишкана боюнча -5 иш чара
- Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча: 2 иш чара