Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
Токтом № 01-07/2
Алга айылы 20.01.2025-жыл
Молдо Нияз айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын уставын
бекитүү жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын уставын бекитүү жөнүндөгү маселени Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясында угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын уставы бекитилсин.
- Уставды белгиленген тартипте каттоодон өткөрүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө (Х. Досановго) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Мамарасул кызы Дилфузага тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айылдык кеңешинин Регламент депутаттык этика жана мандат, укук тартибин сактоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: И.К. Салиев
Молдо-Нияз айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын жобосу