Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы Токтом № 01-07/1

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы

Токтом  № 01-07/1

Алга айылы                                                                                      20.01.2025-жыл

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылга түзүлгөн

 иш планын бекитүү.

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылга түзүлгөн  иш- планын бекитүү жөнүндөгү маселени Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясында угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылга түзүлгөн иш- планы бекитилсин.
  2. Айылдык кеңештин мүчөлөрү жана айыл аймагындагы мамлекеттик органдар иш-планды ишке ашыруу үчүн өзүнүн милдеттерин так аткарышсын.
  3. Айылдык кеңештин иш-планын ишке ашырууда айыл өкмөтү жана мекемелердин катышуусун камсыз кылуу максатында жыйындар, иштердин жүрүшүн байкоо жана отчет берүү уюштурулсун.
  4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Мамарасул кызы Дилфузага  тапшырылсын.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

 

 

Төрага:                                                                                И.К. Салиев


 

Comments are closed.