Молдо Нияз айыл аймагындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө 100 000 сом өлчөмүндө акчалай жардам берүү

Молдо Нияз айыл аймагындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө 100 000 сом өлчөмүндө акчалай жардам берүү аркылуу 130 үй-бүлө бизнес баштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Бул жардам мамлекет тарабынан кайтарымсыз түрдө берилген жана бизнестерин ийгиликтүү баштоого даярданып жаткан бул үй-бүлөлөрдүн келечегине чоң жардам берет. Акчалай колдоо жаңы ишкердикти баштоого жардамчы болуп, айрымдары товарларды өндүрүү, кызмат көрсөтүү же айыл чарба жаатында иш жүргүзүү сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталууда.
Бул программа өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн өз алдынча ишкердик жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн арттырып, алардын экономикалык жагдайларын жакшыртууга, иш менен камсыз болууга жана өздөрүн камсыз кылууга шарт түзөт.

Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы- аким Б. Баяке уулу жардам алган 130 үй-бүлөгө сертификаттарды тапшырды. Бул иш-чара айыл аймактагы аз камсыз үй-бүлөлөргө өз бизнесин баштоого жана жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга чоң салым кошту. Сертификаттар үй-бүлөлөргө бизнес баштоо үчүн берилген акчалай жардамды алгандыгын жана аларга берилген мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга даярдыгын тастыктайт. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы

Comments are closed.