Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Баяке уулу жана айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досанов, ошондой эле тиешелүү мекемелердин жетекчилери менен биргеликте Кыргыз-Кыштак жана Алга айылдарынын тургундары менен жеринде жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда айыл тургундары тарабынан бир канча социалдык маселелер көтөрүлүп, тиешелүү мекемелердин жетекчилерине тапшырмалар берилди.
Ошондой эле, аким Б.Баяке уулу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндөгү 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №256 Жарлыка негиз 2024-жылдын 17-ноябрында өткөрүлүүчү шайлоого активдүү катышууга чакырып кетти.
Ал эми Адыр, Өрнөк, Шыбран жана М.Миталипов атындагы орто мектептеринин окуучуларына ысык тамак берилүүсү боюнча текшерилип, баары талапка ылайык уюштурулганыдыгын жеринде кабар алды.