Карыялар күнү белгиленди

Молдо Нияз айыл өкмөтүндө Карыялар күнү белгиленип 75 жаштан жогорку карыяларга урмат көрсөтүлдү. Иш-чара Молдо Нияз айыл аймагындагы “Алга” кафесинде уюштурулуп,ага айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досанов жана айылдык кеңешинин төрагасы И. Салиев катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө улуу муун өкүлдөрүнө айыл өкмөтүнүн атынан ыраазычылык билдирилип, алардын эмгеги менен жаштарга үлгү болоору белгиленди….

Читать далее…

Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Алга айылында жаңы кыргыз почтасынын имаратынын ачылышы

Молдо Нияз айыл аймагына караштуу  Алга айылында  кыргыз почта кызматы үчүн жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Ачылуу аземине Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары М.М.Айтматов, Кыргыз почтасы ААК нун Ош почта филиалынын башкаруучусу Б.А.Шералиев, Кыргыз почта ААК нун генералдык директорунун биринчи орун басары У.К.Масиянова, Кыргыз почта ААК нун Кадамжай…

Читать далее…

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктоо

Урматтуу айыл тургундары жана мекендештер! Молдо Нияз айыл аймагынын атынан баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктайм! Кыргыз тил – элибиздин тарыхы, руханий байлыгы жана улуттук өзгөчөлүгүбүздүн негизги өзөгү. Мамлекеттик тилибизди ар тараптуу өнүктүрүү, таза жана туура колдонуу – ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Сиздерге бекем ден соолук,…

Читать далее…

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүндө ишембилик өткөрүлдү

2025-жылдын 20-сентябрында Республика боюнча жарыяланган жалпы ишембиликке ылайык, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүндө да ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, мекеме ишканалардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар активдүү катышышып, коомдук жайларды тазалоо, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү иштерин жүргүзүштү.

Читать далее…

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Х. Досанов Кайтпас жана Ак-Тилек айылдарында жергиликтүү тургундар менен жыйын өткөрдү. Айыл өкмөт башчысы Х. Досанов Кайтпас жана Ак-Тилек айылдарында жергиликтүү тургундар менен жыйын өткөрүп, айылдардын социалдык-экономикалык абалы жана көйгөйлөрү боюнча пикир алышып, Ак-Тилек айылындагы 375 орундуу заманбап мектептин курулуш иштеринин башталышы менен элге мезгил кутучасын салууга даяргерчиликтерди көрүүнү талкууланды. Андан соң, айыл өкмөт башчысы Х. Досанов Кайтпас айылындагы “Көгүчкөн” балдар бакчасына барып, айыл өкмөтүнүн салымы менен орнотулган жылытуучу меш жабдуусунун иштешин жана бала бакчадагы эмеректердин сапатын жеринде көрүп чыкты. Бул аракеттер балдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Мындан тышкары, Кадамжай райондук өнүктүрүү фонду тарабынан жана айыл өкмөтүнүн бюджети эсебинен Кайтпас айылындагы спорт залга жаңы спорттук эмеректер сатып алынып, толук орнотулду. Айыл өкмөт башчысы Х. Досанов жерине барып, жабдуулардын сапатын жана туура орнотулушун текшерди. Ошондой эле, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Б. Баяке уулунун демилгеси менен Кыргыз-Кыштак жана Кайтпас айылдарыны сугат суу менен камсыз кылуу максатында, БСР курулушунун жүрүшүн жеринде көрдү.

   

Читать далее…

Бүгүн, 29-ноябрда Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы болуп өттү.

Бүгүн, 29-ноябрда Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы болуп өттү. Сессияда КР БШК Кадамжай АШК өкүлү Арыков Тайкара Кудайбердиевич жаңы келген депутаттарга күбөлүктөрүн тапшырды. Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагалыгына 2 талапкер ат салышып, шайлоонун жүрүшү жашыруун түрдө болуп өттү. Шайлоонун жыйынтыгында Салиев Исраил Курбаналиевич…

Читать далее…

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтү 2024-жылы аткарган иштери

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтү 2024-жылы бир катар маанилүү иштерди аткарып, жергиликтүү тургундардын жашоосун жакшыртууга багытталган аракеттерди жүргүздү.

🔹 Инфраструктураны жакшыртуу: Жолдорду оңдоо, таза суу системаларын жаңылоо жана башка коммуналдык кызматтарды өркүндөтүү иштери жүргүзүлдү.
🔹 Билим берүү жана саламаттык сактоо: Мектептерди жана саламаттыкты сактоо мекемелерин жакшыртуу, окуу жана дарылоо шарттарын түзүү.
🔹 Элдик демилгелер: Тургундардын катышуусундагы социалдык жана маданий иш-чаралар уюштурулду.
🔹 Экономика жана ишкердик: Жергиликтүү экономиканы жандандыруу үчүн жаңы ишканалар ачылды, жумуш орду түзүлдү.
🔹 Айылдын коопсуздугу: Коопсуздукту камсыздоо жана жергиликтүү тазалык иштерине да өзгөчө көңүл бөлүндү.

Жергиликтүү коомчулуктун биргелешкен аракетинин натыйжасында 2024-жылы айыл аймагында бир катар маанилүү иштер аткарылды. Бул иштер айылдын өнүгүшүнө, жашоочулардын турмуш шартын жакшыртууга багытталган.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү генерал-майор А. Алимбаев Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Совет айылындагы “Кут Кадам” балдар үйүндөгү балдардан кабар алышты

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү генерал-майор А. Алимбаев, орун басары Т. Мадяров жана айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досанов болуп Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Совет айылындагы “Кут Кадам” балдар үйүндөгү балдардан кабар алышып, айыл өкмөт башчы Х. Досанов сунуштаган “Кут Кадам” балдар үйүнүн имаратын курууга проект менен таанышып, сунушталаган жер аянтын көргөздү. Ошондой эле Совет айылындагы маданият үйүнүн жүргүзүлгөн капиталдык оңдоо иш-чарасы менен таанышты. Аны менен бирге Совет-Борбалык автоунаа жолун асфальттоо иш-чараларын жеринде көрүп, ошону менен бирге аймактагы өздөштүрүүгө берилген жерлердин жүрүп жаткан иштеринен кабар алды.

 

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Баяке уулу Кыргыз-Кыштак жана Алга айылдарынын тургундары менен жеринде жолугушуу өткөрдү

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Баяке уулу жана айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досанов, ошондой эле тиешелүү мекемелердин жетекчилери менен биргеликте Кыргыз-Кыштак жана Алга айылдарынын тургундары менен жеринде жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда айыл тургундары тарабынан бир канча социалдык маселелер көтөрүлүп, тиешелүү мекемелердин жетекчилерине тапшырмалар берилди. Ошондой эле, аким Б.Баяке уулу Кыргыз…

Читать далее…