Бүгүн, 29-ноябрда Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы болуп өттү.

Бүгүн, 29-ноябрда Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы болуп өттү. Сессияда КР БШК Кадамжай АШК өкүлү Арыков Тайкара Кудайбердиевич жаңы келген депутаттарга күбөлүктөрүн тапшырды. Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагалыгына 2 талапкер ат салышып, шайлоонун жүрүшү жашыруун түрдө болуп өттү. Шайлоонун жыйынтыгында Салиев Исраил Курбаналиевич…

Читать далее…

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтү 2024-жылы аткарган иштери

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтү 2024-жылы бир катар маанилүү иштерди аткарып, жергиликтүү тургундардын жашоосун жакшыртууга багытталган аракеттерди жүргүздү.

🔹 Инфраструктураны жакшыртуу: Жолдорду оңдоо, таза суу системаларын жаңылоо жана башка коммуналдык кызматтарды өркүндөтүү иштери жүргүзүлдү.
🔹 Билим берүү жана саламаттык сактоо: Мектептерди жана саламаттыкты сактоо мекемелерин жакшыртуу, окуу жана дарылоо шарттарын түзүү.
🔹 Элдик демилгелер: Тургундардын катышуусундагы социалдык жана маданий иш-чаралар уюштурулду.
🔹 Экономика жана ишкердик: Жергиликтүү экономиканы жандандыруу үчүн жаңы ишканалар ачылды, жумуш орду түзүлдү.
🔹 Айылдын коопсуздугу: Коопсуздукту камсыздоо жана жергиликтүү тазалык иштерине да өзгөчө көңүл бөлүндү.

Жергиликтүү коомчулуктун биргелешкен аракетинин натыйжасында 2024-жылы айыл аймагында бир катар маанилүү иштер аткарылды. Бул иштер айылдын өнүгүшүнө, жашоочулардын турмуш шартын жакшыртууга багытталган.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү генерал-майор А. Алимбаев Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Совет айылындагы “Кут Кадам” балдар үйүндөгү балдардан кабар алышты

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү генерал-майор А. Алимбаев, орун басары Т. Мадяров жана айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досанов болуп Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Совет айылындагы “Кут Кадам” балдар үйүндөгү балдардан кабар алышып, айыл өкмөт башчы Х. Досанов сунуштаган “Кут Кадам” балдар үйүнүн имаратын курууга проект менен таанышып, сунушталаган жер аянтын көргөздү. Ошондой эле Совет айылындагы маданият үйүнүн жүргүзүлгөн капиталдык оңдоо иш-чарасы менен таанышты. Аны менен бирге Совет-Борбалык автоунаа жолун асфальттоо иш-чараларын жеринде көрүп, ошону менен бирге аймактагы өздөштүрүүгө берилген жерлердин жүрүп жаткан иштеринен кабар алды.

 

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Баяке уулу Кыргыз-Кыштак жана Алга айылдарынын тургундары менен жеринде жолугушуу өткөрдү

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Баяке уулу жана айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досанов, ошондой эле тиешелүү мекемелердин жетекчилери менен биргеликте Кыргыз-Кыштак жана Алга айылдарынын тургундары менен жеринде жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда айыл тургундары тарабынан бир канча социалдык маселелер көтөрүлүп, тиешелүү мекемелердин жетекчилерине тапшырмалар берилди. Ошондой эле, аким Б.Баяке уулу Кыргыз…

Читать далее…

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө

№ Аталышы Кабыл алынган күнү жана № Кабыл алынган жери 1 Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө 2021-жылдын 20-октябры № 123 Бишкек шаары

Читать далее…